Колл - борбор: 105

Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын даярдоо иштери уланууда

11 Май 2026 ж.

Алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Энергетика министрлиги тарабынан энергетикалык компанияларга бир катар маанилүү тапшырмалар коюлган. Ага ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарында масштабдуу даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылга карата электр тармактарын өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында төмөнкү иштер пландалган:
• 38 кошумча трансформатор орнотуу;
• 31 эскирген комплекттүү трансформатордук көмөкчордондордун (КТП) шкафтары жаңы ГКТП шкафтарына алмаштыруу;
• 278 темир-бетон мамычаларын орнотуу;
• төмөнкү чыңалуудагы 40 700 км электр чубалгыларын реконструкциялоо.
Жаңы темир-бетон мамычалары төмөнкү РЭТтерде орнотулат:
• Чыгыш РЭТ — 50 даана;
• Батыш РЭТ — 103 даана;
• Түндүк РЭТ — 125 даана.
Трансформаторлор боюнча төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
• Чыгыш РЭТ — 113 даана трансформатор оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат;
• Батыш РЭТ — 100 даана трансформатор оңдолуп, 3 даана жаңысы орнотулат;
• Түндүк РЭТ — 85 даана трансформатор оңдолуп, 10 даана жаңысы орнотулат.
Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 2248 даана трансформатор бар. Жыл аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт/
> Жибек БПЭС:
Мындан тышкары, РЭТтердин балансындагы көмөкчордондордо учурдагы жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө жогорку чыңалуудагы чубалгылар боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
• учурдагы оңдоо — пландагы 429,1 кмдин 104,11 км аткарылды;
• капиталдык оңдоо — пландагы 125,37 кмдин 42,34 км аткарылды;
• жараксыз жана фарфор изоляторлорун алмаштыруу — пландагы 3163 даананын 799 даанасы алмаштырылды.
Пландалган бардык курулуш жана оңдоо иштери 2026-жылдын ноябрь айына чейин толук аяктайт.
Бул иш-чаралардын натыйжасында жаңы абоненттерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, электр тармактарындагы жүктөм тең салмакталат. Мындан тышкары чыңалуунун туруктуулугу жогорулап, электр энергиясынын жоготуулары 80%га чейин кыскарып, электр менен камсыздоонун сапаты 90%га чейин жакшыртылат.
Жүргүзүлүп жаткан иштер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган. Иш-чаралар “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасынын энергетиктери тарабынан этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.