Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда

19 Май 2025 ж.

 

Энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүүнүн, электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "КУЭТ" ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы "акылдуу" эсептегичтерди  орнотуу иштери улантууда.

 

2025-жылы Бишкекте 28 000 "акылдуу" эсептегичтерди АИСКУЭ (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотуу пландаштырылган. Анын ичинен 8 000 ашык орнотулуп бүттү.

 

Быйыл борбордун Биринчи май району боюнча 12 369 акылдуу эсептегичтерин орнотуу пландалган.  Бүгүнкү күндө, Мраморное жана Степное айылдарында 996 “акылдуу" эсептегичтери орнотулду.  

 

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен керектөөчүлөрдүн тынчын албай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу,  керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүү менен кийин күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында "акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери 2012-жылы башталган. Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча 141 000ден ашык “акылдуу” эсептегичтер орнотулган. Алардын ичинен 87 063 бир фазалуу жана 54 551 үч фазалуу эсептегичтер.