Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалар активдүү ишке ашырылууда. Анда “Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкек шаарында электр тармактарын модернизациялоо жана жаңылоо боюнча ири иштер жүрүп жатат. Анын ичинде 6/10 кВ чыңалуудагы кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо иштери да активдүү улантылууда.
Аталган иштердин алкагында Бишкек электр тармактар ишканасынын кабелдик чубалгылар кызматы Аламедин базарынын аймагындагы Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан 350 метр узундуктагы 6/10 кВ чыӊалуудагы эски кабелди алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
2025-жылдын башынан бери Бишкек шаарында 7,5 киллометрден ашык кабелдик линиялар жаңыртылды. Жыл аягына чейин кызмат мөөнөтү өтүп кеткен 20–25 км кабелдик линиялар алмаштырылат деп пландалууда. Бул иштер техникалык жоготууларды азайтуу, жүктөмгө жараша өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана электр тармактарын 10 кВ иш чыңалуусуна өткөрүү максатында жүргүзүлүүдө. Изоляциясы полиэтиленден болгон жаңы кабелдер жогорку техникалык көрсөткүчтөргө ээ.
Маалымат катары: Аталган кабелдик чубалгылар 1966-жылы тартылып, 60 жылдан ашык иштетилген. Бул пайдалануу мөөнөтүнөн 2,5 эсеге ашык иштеген. Эски кабелдин кесилиши 3×95 мм² түзүп, азыркы талаптарга жооп бербей калган. Реконструкциянын алкагында 3×185 мм² өлчөмүндөгү жаңы кабель тартылып, бул аймактагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жана туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, кабелдик чубалгыларды жаңылоо иштери “Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Аталган долбоорду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (IDA) жана Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик секретариаты (SECO) каржылоодо. Жалпысынан Бишкек шаарында үч жыл ичинде 80 чакырымга жакын кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо каралган.