Колл - борбор: 1209; 105

Бишкектеги Кулиев көчөсүндө 35 кВ кабелдик чубалгыларын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө

22 Август 2024 ж.

 

2024-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык "Молодогвардейская-1,2" көмөк чордонунан "Западная" көмөк чордонуна чейинки 35 кВ эки кабелдик чубалгылары реконструкцияланууда. Кабелди реконструкциялоо иштери Ош базарынын Кулиев көчөсүндө жүргүзүлүүдө.

Учурдагы эски кабелдик линиялар 1985-1986 - жылдары  ишке киргизилгенин. Белгилей кетсек, жаңы кабелдин кесилиши 240 мм2 түзөт, эскинин кесилиши-120 мм2. Ошону менен кабелдин өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.

Алмаштырылып жаткан кабелдик чубалгылардын  жалпы узундугу 1700 метрден ашык түзөт.

Белгилей кетсек, аткарылган иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.