Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте жогорку чыңалуудагы 595 чакырым аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

16 Сентябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги электр менен камсыздоонун туруктуулугун негизги багыт катары коюп, тармакты жакшыртуу боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө.

«КУЭТ» ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын 2025-жылга карата планына ылайык:

• 35/110/220 кВ деңгээлдеги 26,8 чакырым аба чубалгыларында капиталдык оңдоо,

• 567 чакырым аба чубалгыларында кезектеги оңдоо иштери каралган. Бүгүнкү күндө энергетиктер тарабынан:

✔️ 22,4 чакырым аба чубалгы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү,

✔️ 359,5 чакырым аба чубалгыларында оңдоо иштери аткарылды. Мындан тышкары, планга ылайык: • 3695 даана фарфор жана сынган изоляторду алмаштыруу,

• 507 кг бурч темирди ширетүү,

• 50 анкердик мамыны бекемдөө пландалган.

Учурдагы жыйынтык боюнча:

✔️ 2539 даана изолятор жаңысына алмаштырылды,

✔️ 380 кг ашык бурч темир анкердик мамыларга ширетилди.

Ошондой эле энергетиктер электр менен камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аба чубалгылары өткөн жолдордун боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыюу иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күндө 1556 түп бак-дарактын бутактары кыйылды.

Белгилей кетсек, аба чубалгыларына өтө жакын өскөн бак-дарактар зымдардын үзүлүшүнө жана электр энергиясын берүүдө үзгүлтүккө негизги себеп болушу мүмкүн. Бул иштер керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө багытталган.