Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте жогорку чыӊалуудагы «Промышленная» көмөк чордонунда капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

19 Август 2024 ж.

 

Келе жаткан 2024-2025-жж.  күз–кыш мезгилине жабдууларды даярдоо максатында, ошондой эле керектөөчүлөрдү туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы жабдууларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. 

 2024-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык жогорку чыӊалуудагы  110/35/6 кВ "Промышленная" көмөк чордонунда жабдуулар капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бишкек көмөк чордондор тобунун кызматкерлери кубаттуулугу 40 МВА болгон Т-1 күч трансформаторун оңдоп жатышат. Адистер асма жабдыктарын, байланыш түйүндөрүн тазалоо жана тартуу, трансформатордун майын кайрадан тазалап жаӊыртуу иштерин жүргүзөт, үйлөөчү моторду, контакторду жана РПНдин алдын ала жабдыктарын текшерүүдөн өткөрөт. Ошондой эле, силикагельди алмаштыруу, трансформатордун сыртын сырдоо жана диспетчердик аталыштарды жаңыртуу иштери жүргүзүлөт. 

 Энергетиктер керектөөчүлөрдү туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга  бардык аракеттерин жумшап жатышат.