Бишкекте көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылууда
22 Июнь 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган реформаларды ишке ашырып, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар долбоорлорду жүргүзүүдө.
Иш-чаралар электр энергиясына болгон тарифтик каражаттардын эсебинен каржыланып, энергетикалык объектилерди этап-этабы менен модернизациялоого жана борбор калаанын өсүп жаткан муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн кошумча кубаттуулуктарды түзүүгө мүмкүндүк берүүдө.
Бул багыттагы иштердин алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы көмөк чордондорду куруу жана иштеп жаткан көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.

110/10 кВ «Кыргызская» көмөк чордонунда
Кубаттуулугу 40 МВА болгон күч трансформаторун орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда иштердин аткарылышы 70% түзөт.
Долбоор аяктагандан кийин Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнүн электр менен жабдылышынын ишенимдүүлүгү кыйла жогорулап, жаңы керектөөчүлөрдү кошууга кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

110/10 кВ «Мурас» көмөк чордонунда
Кубаттуулугу 40 МВА болгон күч трансформаторун орнотуу менен курулуш иштери улантылууда. Объекттин даярдыгы учурда 80% түзөт.
Көмөк чордон «Бишкек Арена» стадионун, «Евразия Парк» комплексин, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплекстерин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылат.

110/35/10 кВ «Кызыл-Аскер» көмөк чордонунда
Кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформатору 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторго алмаштырылып, модернизациялоо иштери аяктады.
Бул долбоор көмөк чордондун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга жана шаарды өнүктүрүү үчүн кошумча кубаттуулуктарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Жүргүзүлүп жаткан иштер борбор калаанын жашоочуларын, социалдык объектилерин жана жаңы конуштарын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.