Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте “Ново-Южная” жана “Энергострой” көмөк чордондорунда реконструкциялоо иштери жүрүүдө

25 Март 2025 ж.

 

«КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ​​ишканасы 110/35/10-6 кВ «Ново-Южная» жана 35/6 кВ «Энергострой» көмөк чордондорунун жабдууларын жаңылоодо.

Жогорку чыӊалуудагы «Ново-Южная» көмөк чордонунда адистер вакуумдук өчүргүчтөрү менен 10 кВт чыңалуудагы сырткы орнотмодогу комплекттик бөлүштүрүүчү жабдууну (КРУН) орнотушту.  Ал эми «Энергострой» көмөк чордонунда I секциясында 6 кВт чыӊалуудагы сырткы орнотмодогу комплекттик бөлүштүрүүчү жабдуунун (КРУН) монтаждоо иштери аяктады. Жаӊы орнотулган жабдыктар отко чыдамдуу, экологиялык жактан таза жана техникалык тейлөөгө чоӊ чыгымдарды талап кылбайт.

Бишкек электр тармактар ишканасынын адистери изоляциялык мүнөздөмөлөрдү алуу үчүн электр жабдууларын текшерип, атайын аппарат – мегаомметр менен  изоляциянын каршылыгын өлчөө иштерин жүргүзүүдө, ал эми жергиликтуу релелик коргоо жана автоматика кызматынын адистери жаӊы орнотулган жабдыктардын релелик корголушун текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, иштер капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планынын алкагында жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Маалымат үчүн: Жогорку чыӊалуудагы 110/35/10-6 кВ «Ново-Южная» көмөк чордону 1962-жылы ишке киргизилген. Көмөк чордон Бишкек ш. Айыл чарба институтунун аймагында жайгашкан. «Энергострой» көмөк чордону 1969-жылы пайдаланууга берилген. Бишкек Жылуулук электр борборунун аймагында жайгашкан.