«КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан каржыланган «Электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууну баштады. Долбоордун негизинде Бишкек шаарында 80 чакырым 6/10 кВ чыӊалуудагы кабелдик чубалгылары реконструкцияланат, аткаруу мөөнөтү 3 жыл.
Бүгүнкү күндө Бишкек электр тармактар ишканасынын кабелдик чубалгылар кызматы Бишкек шаарынын Чүй-Исанов, Исанов-Абдумомунов көчөлөрүнүн аймагындагы 10 кВ чыңалуудагы эски кабелдик чубалгыларды жаӊыга алмаштыруу иштрин жүргүзүп жатат. Кабелдик чубалгылардын узундугу 2 чакырым түзөт. Белгилей кетсек, эски кабелдик чубалгылар 1960-жылдары тартылып, 65 жылдан ашык иштетилген.
Эски кабелдин жоондугу 3*150 мм2 болгон, ал эми жаңынын жоондугу 3*240 мм2 түзөт, башкача айтканда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2 эсе жогорулайт.
Изоляциясы полиэтиленден болгон жаңы кабелдер жогорку техникалык көрсөткүчтөргө жана төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштер керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.