Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларында 3695 даана изоляторлор алмаштырылат

20 Январь 2025 ж.

                          

 2025-2026-жж. күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы 26,7 чакырым 35/110/220 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүүнү жана 567  чакырым аба чубалгысында утурумдук оӊдоо иштерин пландоодо.

2025-жылы кызматкерлер эскилиги жеткен жана жарактан чыккан 3695 даана изоляторлорду алмаштырышат.

Белгилей кетсек, электр аба чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар электр берүү чубалгыларынын үзүлүшүнө жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, жогорку чыӊалуу тармактар кызматы тарабынан 2075 ден  ашык бактын бутактарын бутоо, 1,7 га аянттагы трассаны тазалоо жана 507,1 кг темир бурчтарды ширетүү иштери пландоодо.