Бишкек электр энергиясын сатуу бөлүмүндө кызматкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга арналган коррупцияга каршы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Биринчи бөлүм менен биргеликте уюштурулду. Анын жүрүшүндө катышуучуларга коррупциянын алдын алуу чаралары, мыйзам талаптарын сактоо жана мамлекеттик мекемелер менен энергетика тармагындагы уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча маалымат берилди.
Баяндама менен Айдар Керимбаевич Сейталиев, «Мыйзам Тартип Талап» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Самат Суюнтбекович Ибрагимов жана «Башкы Элдик Көзөмөл» коомдук уюмунун төрагасы Нурлан Таайлабекович Карыбеков сөз сүйлөштү.
Катышуучулар коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана кызматтык милдеттерин аткарууда жоопкерчиликти күчөтүү маселелерин талкуулашты.