Колл - борбор: 1209; 105

Түндүк РЭТи 22 трансформаторду алмаштырып, кубаттуулугун жагорулатат

18 Июнь 2024 ж.

 

2024 – жылдын иш планына ылайык "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк РЭТи 85 трансформаторду оңдоп, 22 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатып, 10 даана комплектүү көмөк чордондордун шкафтарын алмаштырып, 1 кошумча трансформатор орнотот.

Мындан тышкары, Түндүк РЭТинде 493 трансформаторлор, 10/06/0,4 кВ чыңалуудагы 920 км аба чубалгылары жана 75 км кабелдик чубалгылары техникалык тейлөөдөн өтөт.

Ошондой эле, быйыл 3,8 чакырым кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо жана 2,5 чакырымдан ашык аба чубалгыларын заманбап СИП-3 зымына алмаштыруу иштери пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, аткарыла турган иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.