Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында техникалык коопсуздук күнү өттү

18 Июль 2023 ж.

Ай сайын, ар үчүнчү шейшембиде Бишкек ЭТИнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө техникалык коопсуздук күнү өткөрүлөт.

Бүгүн, 18-июлда Бишкек электр тармактар ишканасынын кезектеги техникалык коопсуздук күнү өттү.Бишкек ЭТИнин директору Азамат Паизов менен оперативдүү диспетчердик кызматтын башчысы Бактияр Өмүров Чыгыш РЭТинде жумуш орундарын текшеришти.Директор Азамат Мамазакирович РЭСтин кызматкерлери менен болгон жолугушууда өндүрүштүк травматизмди болтурбоо үчүн өндүрүштө коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине электр жабдыктарды өз убагында жана сапаттуу даярдоону тапшырды.

Оперативдүү диспетчердик кызматтын жетекчиси Бактияр Өмүров Чыгыш РЭТтин диспетчердик кызматында техникалык документтердин жана журналдардын толтурулушун текшерди. Андан кийин токарлык цехте эмгекти коргоо жана өндуруштук коопсуздук эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча иштин уюштурулушуна, ошондой эле алгачкы өчүрүүчү жабдуулардын ишке жарамдуулугун карадым.

Эске салсак, техникалык коопсуздук күнүндө өндүрүштүк кызматтардын жетекчилери электр тармактарынын аймактарына чыгып, жумуш орундарында жана бөлүмдөрүндө кызматкерлердин эмгекти жана техникалык коопсуздугунун абалын текшерүү, ошондой эле техникалык документтерди киргизүү боюнча иш алып барышат.