Жогорку чыӊалуу тармактар кызматы Бишкек шаарынын ботаникалык бактагы жана Медеров көчөсүндөгү бак-дарактардын бутактарын бутап жатышат. Белгилей кетсек, аба электр чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар электр берүү чубалгыларынын үзүлүшүнүнө жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына өбөлгө түзөт..
Мындан тышкары, 2024-жылдын планына ылайык, жогорку чыӊалуу тармактар кызматы тарабынан 1970тен ашык бактын бутактарын бутоо, ошондой эле 552 км жогорку чыӊалуудагы аба чыбалгыларында оңдоп-түзөө иштери өтөт, ал эми 41 км аба чыбалгыларында капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле эски изоляторлорду 3573 даана жаңы изоляторлорго алмаштыруу пландалууда..