Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн электр энергиясына болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат

24 Май 2024 ж.

Урматтуу абоненттер!

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Бишкек ЭТИ төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, "UMAI", «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», « КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр, төлөм тууралуу билдирме Бишкек ЭТИнин маалымат базасына ошол замат түшөт.

Учурда турмуш-тиричилик жана өндурүш абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек электр тармактар ишканасынын расмий сайтында www.bipes.nesk.kg “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен биздин бардык абоненттерибиз каалаган учурунда өздүк эсебинин абалын текшере алышат. Мындан сырткары, биздин абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат. Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан Колл-борборуна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүӊүздүн дебитордук карызыӊызды сурап билип алсаӊыздар болот.