Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен иштөө күнү өтүп жатат

13 Февраль 2024 ж.

Бүгүн 13 февраля Бишкек электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен иштөө күнү болду.

Белгилүү болгондой бул күнү, авариялык учурлардан тышкары бардык кызматкерлер линияда иш алып барышпайт. Кызматкерлер менен иштөө күнү коопсуздук эрежелери, өрткө каршы чара көрүү боюнча окууларды өткөрүшөт. Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын адистери окуулардын өтүшүн, интруктаждардын сапаттуу жүрүшүн көзөмөлдөп турушат.Өндүрүш кызматынын, бөлүмдөр жана райондук электр тармактардын кызматкерлери менен иштөө күнү өткөн айдын жыйынтыгын чыгаруу, инструктаж өтүү, коопсуздук боюнча теориялык окуулар менен коштолот.

Андан тышкары коопсуздук эрежелерин жана эмгекти коргоо боюнча документтер, буйруктар менен таанышууга да убакыт каралган. Кийин жалпы энергетика тармактарында болуп өткөн кырсыктарга анализ жүргүзүлөт.Кызматкерлер көбүнчө теориялык окуудан практикалык окууга басым жасашат. Алар биринчи көргөзүлчү жардам, өрткө каршы, кырсыктарга каршы практикалык машыгууларды өткөрүшөт.