«КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жана кара кыргыз автономиялуу обласынын 100 жылдыгына карата кызматкерлердин арасында спорттук мелдештер өттү.
Иш-чараны «КУЭТ» ААКтын филиалы – Бишкек электр тармактар ишкананын директору Азамат Паизов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик, каалоо тилектерин билдирди.
Белгилей кетсек, мелдештин жүрүшүндө мини-футбол, волейбол, оюндар өткөрүлдү.
Спорттук мелдештердин жыйынтыгы:
Футбол боюнча:
1 - орун – Батыш РЭТ
2- орун - СПС
3 - орун – МСРЗА
Футбол 40+
1 - орун Энергосбыт
2 - орун АУП
3 - орун Чыгыш РЭТ
Волейбол (жен) боюнча
1 - орун - Ынтымак
2- орун –Алга
Волейбол (муж) боюнча:
1 - орун – Чыгыш РЭТ
2- орун – МССДТУ, МСИЗПИ
3 - орун – Энергосбыт
Ошондой эле, мыкты оюнчулар грамота жана сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, каржылоо Бишкек электр тармактары ишканасынын Профсоюз комитети тарабынан болду.