Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери балдардын электр травматизминин алдын алуу боюнча сабак өтүштү

17 Май 2024 ж.

«КУЭТ» ААКтын филиала Бишкек ЭТИнин ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы басма сөз кызматы менен биргеликте "Кара-Жыгач" жаӊы конушунун орто мектебинин  3-класстын балдары үчүн  атайын  электр жаракаттарды алдын алуу бобнча сабак өтүштү.

Сабакта окуучуларга электр коопсуздугу эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти жана электр тогунун адам организмине тийгизген коркунучтуу таасири тууралуу түшүндүрүштү, электр орнотмолорундагы эскертүүчү белгилерди көрсөтүштү. 


Окутуу сабагынын жүрүшүндө окуучулар чоң кызыгуу менен электр травматизминин алдын алуунун  ыкмалары боюнча сабакты таанып-билүүчүлүк-оюн формасында өздөштүрүштү.