Колл - борбор: 1209; 105

2024-жылдагы иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча  кеңешме  өттү

12 Март 2025 ж.

 

 

Бүгүн, 12-марта жыйын залында «КУЭТ» ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизовдун жетекчилиги алдында 2024-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. Жыйынга ишкананын жетекчилиги, РЭТтердин, Электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйында 2024-жылга пландалган оңдоо, тейлөө жана капиталдык курулуш иштеринин жыйынтыгы жана башка маселелер каралды. Бөлүм, кызмат жетекчилери аткарган иштери боюнча отчет беришти. Мындан тышкары жыйында 2025-жылга карата алдын ала пландар да талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов 2025-жылга милдеттерди коюп, кызматтарга оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүнү жана электр энергиясын колдонуунун белгиленген лимиттерин сактоо боюнча күчөтүлгөн иштерди улантууну, берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарууну тапшырды.

Отурумдун жыйынтыгы менен РЭТтердин, бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине айтылган сын-пикирлерди белгиленген мөөнөттө четтетүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.