Колл - борбор: 1209; 105

Түндүк РЭТи трансформатордук көмөкчордондун эски шкафын жана жабдыктарын жаӊысына алмаштырышты

3 Сентябрь 2024 ж.

Алдыдагы 2024-2025 жж. күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдык көрүү максатында, ошондой эле капиталдык курулуш планына ылайык Түндүк РЭТи Бишкек ш. пер.Боровской дарегинде жайгашкан трансформатордук көмөкчордондун шкафын жана жабдыктарын алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.

Түндүк РЭТтин кызматкерлери №337 көмөк чордонунда эскилиги жеткен КТП 400/10 кВА шкафын жаӊы шкафына  алмаштырышты.

Белгилей кетсек, жаӊы шкаф Бишкек ЭТИнин металл конструкциялар цехинде  жасалган.

Пландын негизинде электр куроочулар төмөнкү иштерди аткарышты:

✔эски шкафты демонтаждоо,

✔жаӊы КТПны орнотуу,

✔кабелдик чыгуу үчүн траншеяны казуу

✔10кВ кабелди коюу

✔коммутатордук жабдыктарды алмаштыруу

✔диспетчердик аталыштарын жаңыртуу.