Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек ЭТИде оңдоп-түзөө иштерин ийгиликтүү өткөрүү жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча мастерлер жана өндүрүүчүлөр үчүн семинар өттү

15 Март 2024 ж.

Бүгүн, 15 - мартта "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК филиалы-Бишкек электр тармактар ишканасында оңдоо кампаниясын өткөрүү жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча мастерлер жана өндүрүүчүлөр үчүн семинар болуп өттү.

Семинарды Бишкек ЭТИнин башкы инженери Улукбек Рысбеков ачып, алдыдагы 2024-2025-жылдарга карата техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо эрежелерин сактоо менен жабдууларды даярдоо боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Андан соң "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК Ишенимдүүлук жана техника коопсуздук кызматынын башчысы Марлис Өмүралиев сөз сүйлөп, иштерди жүргүзүүдө коопсуздук техникасы боюнча инструктаждар, жумуш орундарын сапаттуу уюштуруу жана эмгекти коргоо техникасынын бардык эрежелерин сактоо чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Бишкек ЭТИнин ИжТК башчысы Алик Дүйшекеев, акыркы жылдардагы аварияларга талдоо жүргүздү жана семинардын катышуучуларына электр орнотмолорундагы иштерди жүргүзүүдө аныкталган сын-пикирлер тууралуу түшүндүрүп берди.

Андан соң өндүрүштүк кызматтардын жана РЭТтердин башчылары 2023-жылы аткарылган иштер боюнча докладдар менен чыгып, өз кызматтарынын өзгөчөлүктөрү боюнча презентацияларды сунушташты.

Семинардын соңунда катышуучулардын арасында эрежелерди билүү боюнча сынак өткөрүлүп, жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.