Жыйындын башында абоненттер менен ачык, так жана чынчыл байланыш түзүү ишкананын негизги артыкчылыктарынын бири экени баса белгиленди.
Жыйында коррупцияга каршы аракеттенүү ишкананын негизги багыттарынын бири экендиги белгиленди. Ошондой эле кызматкерлердин ишинде ачык-айкындуулук, жоопкерчилик жана чынчылдык принциптерин сактоо зарылдыгы айтылды.
Ишкананын директору Паизов Азамат Мамазакирович кызматкерлерди ак ниет жана тынымсыз эмгектенүүгө чакырып, мыйзам талаптарын так сактоону жана ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү белгиледи. Айрыкча акча каражаттарын, белектерди жана «пакет» түрүндөгү мыйзамсыз сунуштарды алууга тыюу салынары эскертилди.
Ошондой эле кызматкерлер арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана калктын ишенимин жогорулатуу маанилүү экендиги баса белгиленди.