Бүгүн «КУЭТ» ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында Ишенимдүүлүк жана техника коопсуздугу кызматынын, Биринчи бөлүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги Кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлүүдө.
Ишенимдүүлүк жана техника коопсуздугу кызматынын кызматкерлери өндүрүштүк кызматтарда жана райондук электр тармактарында (РЭТ) өткөрүлгөн Кызматкерлер менен иштөө күнүнө катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө эмгекти коргоо, техника коопсуздугунун талаптарын сактоо, өндүрүштүк тартипти чыңдоо жана өндүрүштөгү кырсыктардын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле ӨКМдин адистери энергетиктер үчүн жер титирөө учурундагы аракеттер боюнча нускама өткөрүштү. Кызматкерлерге коопсуздуктун негизги эрежелери, эвакуациялоо тартиби жана өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы аракеттердин алгоритми түшүндүрүлдү.
Кызматкерлер менен иштөө күнүн өткөрүүнүн негизги максаты кызматкерлердин кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу, эмгек коопсуздугу маданиятын чыңдоо жана энергетикалык объектилердин ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу.