Колл - борбор: 105

Бүгүн, 10-февралда, «КУЭТ» ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен иштөө күнү өтүүдө.

10 Февраль 2026 ж.

Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматы өндүрүштүк кызматтарда жана РЭТтерде кызматкерлер менен иштөө күнүнө катышты.

Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысы Улан Нурманбетов өндүрүштүк кызматтардагы кызматкерлер менен иштөө күнүнө катышып, кызматкерлерге кызматтык нускамаларды жана коопсуздук техникасынын эрежелерин так сактоо зарылдыгын түшүндүрдү.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги менен биргеликте экстремизмдин алдын алуу темасында семинар өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, кызматкерлер менен иштөө күнү ар айдын экинчи шейшембисинде өткөрүлөт. Бул күнү кызматкерлер өзгөчө кырдаалдардан тышкары бардык жумуштарды аткаруудан бошотулат.