Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында Энергетиктердин кесиптик күнү белгиленди

None

 

Бүгүн, Бишкек электр тармактар ишканасынын жыйын залында энергетиктердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү: "Быйыл биздин ишканабыз оңдоо, капиталдык курулуш жана реконструкциялоо боюнча көп иштерди аткарды. Алсак, жогорку чыңалуудагы 2 жаңы подстанция курулуп, ишке киргизилди, күч трансформаторлору алмаштырылды, жаңы электр жабдуулары орнотулду. Бул иштер сиздин аракетиңиздин, талыкпаган эмгегиңиздин жана кесипкөйлүгүңүздүн аркасы менен жүргүзүлдү. Сиздерге бекем ден - соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиӊиздерге ийгилик!»

Бишкек электр тармактар ишканасынын башкы директору Улукбек Рысбеков куттуктоо сөзүндө ишкананын ар бир кызматкери ишкананын ишине баа жеткис салым кошуп жатканын белгилеп, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, бардыгына туруктуулук жана түгөнгүс энергия каалады.

Ошондой эле, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар, медалдар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.