Колл - борбор: 1209; 105

Тыныстанов - Чуйков көчөлөрүндө трансформатордук көмөк чордондун шкафын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү

17 Май 2024 ж.

Бүгүн, 17-майда, Батыш РЭТинин кызматкерлери №153 көмөк чордондун эски темир-бетондон курулган шкафын кубатуулугу 630 кВА түзгөн ГКТПшкафына алмаштырышты.

Бул жумуштар Бишкек шаарынын Тыныстанов -Чуйков көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, эски шкаф 1961-жылы салынган болчу.

Кызматкерлер төмөнкү иштерди аткарышты:

эски шкафты демонтаждоо, жаңы шкафты орнотуу;коммутациялоочу түзүлүштү алмаштыруу диспетчердик аталыштарын жаңылоо

Айта кетсек, бул иштер 2024-жылга карата реконструкциялоо жана капиталдык курулуштун алкагында жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.