Колл - борбор: 1209; 105

«Парковая» көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 100 пайызга аяктады

29 Сентябрь 2025 ж.

 Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого жана модернизациялоого багытталган иш-пландарынын алкагында, Бишкек шаарындагы 110/35/10 кВ «Парковая» көмөк чордонунда келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери 100 пайызга аткарылып бүттү.

 Бишкек электр тармактар ишканасынын «КУЭТ» ААКнын филиалы Көмөк чордондор кызматынын адистери тарабынан көмөк чордондун Т-1 жана Т-2 трансформаторлорунда төмөнкү иштер жүргүзүлдү:
• трансформаторду расшиновкалоо жана кайра ошиновкалоо,
• контакттык системаны жана май куюучу багын толук оңдоо,
• трансформатордун жана РПНдин кеңейткичтерин оңдоо,
• киргизгичтерди оңдоо,
• май үлгүлөрүн алуу жана талдоо,
• негизги бактын жана которгучтун аба кургаткычтарын оңдоо,
• радиаторлорду жана вентиляторлорду оңдоо,
• отсек жана коргоочу клапандарды текшерүү,
• запордук арматураны оңдоо,
• трансформатордун автоматтык муздатуу шкафын (ШАОТ) оңдоо,
• күч жана контролдук кабелдерди текшерүү,
• май деңгээлин жөнгө салуу,
• жазууларды жаңылоо жана сырдоо иштерин аткаруу,
• май кабыл алуучу жабдуунун абалын текшерүү.

 Учурда «Парковая» көмөк чордону келе жаткан күз-кыш мезгилин туруктуу жана үзгүлтүксүз өткөрүүгө толук даяр.
 Аткарылган бул иштердин негизги максаты — Бишкек шаарындагы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо.

 Маалымат үчүн: «Парковая» көмөк чордонунун курулушу 1999-жылы ишке берилген.

 Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр энергиясын убактылуу өчүрүүлөр тууралуу маалыматты Бишкек электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтынан, Facebook жана Instagram баракчаларынан, ошондой эле «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу билүүгө болот.

 Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо биздин күнү-түнү иштеген чалуу борборубузга кайрылыңыз:
105, 1209, 0772 001 209, 0556 001 209, 0702 001 209 (WhatsApp).