Колл - борбор: 1209; 105

Энергетиктер электр энергиясын пайдалануу боюнча коммерциялык объектилерди текшерди

27 Февраль 2024 ж.

Алсак, текшерүү учурунда Бишкек шаары боюнча бир нече кафе-ресторандарда мекеменин ичинде да, сыртында да жарык берүүчү лампалар керги жок учурунда күйүп турган. Бардык мекеме ээлери менен электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана максималдуу жүктөм болгон сааттарда керектөө режимин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Биз бардык керектөөчүлөргө электр энергияны үнөмдүү пайдаланып, ошондой эле өзгөчө максималдуу жүктөм сааттарында эртең менен саат 06: 00дөн 21:00гө чейин жана кечинде саат 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясын керектөө режимин сактап, бир нече энергия керектөөчү электр шаймандарын күйгүзбөөгө чакырабыз" деп белгилеп кетти Дуйшө уулу Уларбек.

Эске салсак, электр энергиясынын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу берилген техникалык шарттарга ылайык электр энергиясын керектөөнү шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар жана максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Кыргызстан УЭТ» ААКтын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасы абоненттерди электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга чакырат.