Колл - борбор: 1209; 105

Келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери кызуу жүрүп жатат…

24 Июнь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын Чыгыш РЭТи «Карагачёвая роща» аймагында  жайгашкан №432 трансформатордук көмөкчордонун капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Алсак, 2024-жылга карата оңдоо иштеринин планынын алкагында электр куроочулар:

  • РУ-0,4 кВ рубильнигин алмаштыруу,
  • изоляторлорду , резиналарды алмаштыруу,
  • жабдууларды сыноо,
  • май алмаштыруу
  • эшиктерди, жабдууларды сырдоо,
  • диспетчердик аталыштарды жазуу

   иштерин  жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн иштер керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.