«Кыргызстан УЭТ» ААКтын филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасынын кабелдик чубалгылар кызматында өрткө каршы жана жер титирөө боюнча окуулар жүргүзүлдү.
Бүгүн, 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте өрткө каршы жана жер титирөө боюнча теория жана практика түрүндө окуулар жүргүзүлдү.
Ошондой эле, өрткө каршы профилактикалык иш-чаралар өттү . Энергетиктерге өрт өчүрүү каражаттары жана аларды пайдалануу тартиби көрсөтүлдү.
Бишкек ЭТИнин Кабелдик чубалгылар казматы окууларда активдүү катышып, практикада өрткө каршы куралдарын колдонду.