Жаздын башталышы менен энергетиктер алдыдагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо боюнча күчөтүлгөн иштерди башташат. Күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата оңдоо иштеринин планына ишенимдүү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн керектүү материалдар жана иш-чаралар киргизилген.Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу үчүн быйыл ишкана 2 күч автотрансформаторун жана 37 комплект 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчордонду алмаштырат.
Ошондой эле, "КУЭТ" филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасы 220/110/35-10 кВ жогорку чыӊалуудагы 48 көмөкчордондордо оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзөт, 220/110/35 кВ чыңалуудагы 552,32 км аба чубалгыларын жана 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 2230,3 км аба чыбалгыларын оңдойт, 1863 комплект трансформатордук көмөкчордондорду учурдагы оңдоо иштерин жүргүзөт.
Мындан тышкары ишкана 10 кВ чыңалуудагы 5,64 км аба чубалгыларын жана 6-0,4 кВ чыңалуудагы 64,72 км аба чубалгыларын өзүн өзү кармап туруучу зымдарды (СИП) колдонуу менен реконструкциялоону пландаштырган.
Белгилей кетсек, электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жабдуулардын үзгүлтүксүз иштөөсүнөн гана эмес, көп нерсе электр берүү чубалгысынын боюндагы трассанын абалынан да көз каранды. Анткени, көп учурда өсүп, зымдарга кулаган дарактар өчүрүүлөрдүн себеби болуп калат. Бишкек ЭТИ боюнча оңдоо иштеринин жүрүшүндө 410,4 км электр берүү чубалгыларынын боюндагы трассадагы бак-дарактар кыркылат.
Бишкек электр тармактар ишканасы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болушу мүмкүндүгүн эскертет жана керектөөчүлөрдөн жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Пландаштырылган электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу маалымат компаниянын сайтында, социалдык тармактардагы баракчаларында жана ЖМКларда жарыяланып турат.