Колл - борбор: 1209; 105

Биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуу

10 Ноябрь 2025 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ИжТКК бөлүмүнүн башчысы Нурмамбетов У.А.нын жетекчилиги алдында бөлүмдүн төрт кызматкери Кыргыз Кызыл Жарым Ай коомунун уюштуруусунда өткөн биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүштү.
Окуу учурунда катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча теориялык билим жана практикалык көндүмдөрдү алышты:
— жаракат жана күйүк учурларында жардам көрсөтүү,
— кан кетүү жана эс-учун жоготуу учурларында жардам көрсөтүү,
— өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү.
Окуу жыйынтыгында катышуучуларга белгиленген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.
Мындай окутуулар кызматкерлердин даярдык деңгээлин жогорулатып, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана туура аракеттенүүгө өбөлгө түзөт.