Колл - борбор: 1209; 105

Туруктуу электр менен камсыздоо: “Алтын-Казык” көмөк чордонунда жаңы трансформатор орнотулду

16 Октябрь 2025 ж.

Электр энергиясын ишенимдүү берүү жана жабдуулардын жүктөмүн азайтуу максатында «Улуттук электр тармактары» ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери кубаттуулугу 16 МВА болгон эски трансформаторду жаңы, 25 МВА кубаттуулугундагы күч трансформаторуна алмаштырышты.

 «Алтын-Казык» көмөк чордонунун иши аркылуу шаардын түндүк бөлүгүндөгү турак жайлар, социалдык жана инфраструктуралык объекттер электр энергиясы менен камсыздалат. Аймактагы калктын жана жаңы курулуп жаткан объекттердин көбөйүшүнө байланыштуу керектөөнүн көлөмү арткандыктан, жабдуулардын кубаттуулугун жогорулатуу зарыл болду. Бул өзгөртүү шаар тургундарын туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.

Бул иштер жабдууларды жаңылоо жана модернизациялоо программасынын алкагында, 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында аткарылды.