Колл - борбор: 105

Бишкекте 2025-жылы 87 чакырымдан ашык СИП-2 зымы орнотулду

12 Январь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өлкө боюнча электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформаларынын алкагында “КУЭТ” ААКтын филиалы – Бишкек электр тармактары ишканасы борбордун бөлүштүрүүчү электр тармактарын модернизациялоо боюнча бир катар ири иштерди ийгиликтүү жыйынтыктады.
Реформалардын негизги багыттарынын бири – эски алюминий зымдарын заманбап өзүн-өзү изоляцияланган СИП-2 зымдарына этап-этабы менен алмаштыруу. Бул иш-чаралар керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана эксплуатациянын коопсуздугун жогорулатууга шарт түздү.
2025-жылдын ичинде ишкананын кызматкерлери жалпы узундугу 87 чакырымдан ашык болгон алюминий зымдарын жаңы СИП-2 зымдарына алмаштырышты. Модернизация төмөнкү жаңы конуштарда аткарылды: Тынчтык, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Верхний Орок, Жениш, Балбан-Таймаш, Достук, Пригородное, Мраморное, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо.
Жаңы СИП-2 зымдары кардын жабышына, катуу шамалга, муз тоңушуна туруктуу болуп, кыш мезгилинде электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоого өбөлгө түздү. Ошондой эле СИП-2 техникалык жоготууларды азайтууга, оңдоо иштерин жеңилдетүүгө жана айрым иштерди чыңалууда жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул иштердин аткарылышы борбордун электр тармактарын заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык милдеттерине шайкеш келет.
Электр энергиясы боюнча суроолор үчүн күнү-түнү иштеген Колл-борборго кайрылсаңыздар болот: 105, 1209, 0772001209, 0702001209, WhatsApp: 0702001209