КУЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасынында
Россиянын «Энерготэк» компаниясынын өкүлдөрү катышкан эки күндүк окуу семинары өттү.
Семинардын темасы:
«Жогорку чыңалуудагы кабелдик линиялар. Түзүлүшү, монтаждоо жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү».
Эки күн аралыгында биздин адистер төмөнкү багыттар боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушту:
▪️ жогорку чыңалуудагы кабелдик линияларды долбоорлоо жана куруудагы заманбап ыкмалар,
▪️ монтаждоонун техникалык талаптары,
▪️ диагностика жана кызмат мөөнөтүн узартуу ыкмалары,
▪️ шаардык шартта жана татаал инфраструктурада эксплуатациялоо өзгөчөлүктөрү.
Иш-чара практикалык мисалдар, суроо-жооптор жана тажрыйба алмашуу менен коштолду.
Россиялык адистер өз тажрыйбаларын бөлүшүп, жогорку тактык менен иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Окуунун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Мындай семинарлар Кыргызстан менен Россиянын энергетиктери ортосундагы кызматташууну бекемдеп, адистердин кесиптик билимин жогорулатууга чоң салым кошот.