2024-жылга карата капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык көмөк чордондор кызматы 110/35/10 кВ "Костромская" жогорку чыӊалуудагы көмөк чордонунда экинчи кезектеги курулуш иштерин жүргүзүүдө. Ошону менен көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт.
Адистеркошумча кубаттуулугу 16000 кВА түзгөн күч трансформаторду, элегаз өчүргүчтөрдү жана 110 кВ чыңалуудагы элегаз ток трансформаторлорун орнотушту.
Реконструкциялоо иштеринин зарылдыгы электр энергиясын керектөөнүн өсүшү жана жаңы керектөөчүлөрдүн көбөйүшү менен байланышкан. Иштер аяктагандан кийин көмөк чордондун жалпы кубаттуулугу 41 000 кВАди түзөт.
Белгилей кетсек, реконструкциялоо иштери Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районунда, Достук конушунда, Профсоюзная/Патрисса Лумумба көчөсүндө жашаган керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Маалымдама: жогорку чыӊалуудагы "Костромская" көмөк чордону 1986-жылы пайдаланууга берилген. Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районун, Достук конушунун, Профсоюзная/Патриса Лумумба көчөсүн электр энергиясы менен камсыз кылат.