“Орто-Алыш” көмөк чордонуна жаңы 40 МВА трансформатор орнотулду
20 Октябрь 2025 ж.
«КУЭТ» ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери “Орто-Алыш” көмөк чордондо кубаттуулугу 40 МВА болгон жаңы күч трансформаторун орнотушту. Ал мурдагы 25 МВА жабдууну алмаштырып, электр тармагындагы жүктөмдү азайтууга жана энергия берүү процессин жакшыртууга мүмкүндүк берет.
“Орто-Алыш” көмөк чордонунун иши аркылуу шаардагы бир катар турак жайлар, социалдык жана өнөр жай объекттери электр энергиясы менен камсыздалат. Калктын жана курулуштардын көбөйүшүнө байланыштуу кубаттуулукту жогорулатуу зарылчылыгы жаралган.
Бул иштер 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жабдууларды жаңылоо, модернизациялоо программасынын алкагында аткарылды.
* Электр энергиясын берүүдө ишенимдүүлүк жогорулайт;
* Электр тармагындагы жүктөм азаят;
* Авариялык өчүрүүлөрдүн коркунучу төмөндөйт;
* Өнөр жай ишканалары, социалдык объектилер жана турак жайлар сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз болот.