Колл - борбор: 1209; 105

“Кок-Жар” көмөк чордонунда жаңы кубаттуу трансформатор орнотулду!

12 Октябрь 2025 ж.

Электр энергиясын ишенимдүү берүү жана жабдуулардын жүгүн азайтуу максатында «КУЭТ» ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери кубаттуулугу 25 МВА болгон эски күч трансформаторун жаңы 40 МВА трансформаторго алмаштырышты.

Кубаттуулуктун жогорулашы керектөөчүлөрдү туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле жогорку жүктөм маалында энергия берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

 Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр жабдууларын жаңылоо жана модернизациялоо иштерин улантууда.