Колл - борбор: 105

110/10 кВ «Кыргызская» көмөк чордонунда иштер уланууда

17 Август 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери кубаттуулугу 40 МВА болгон жаңы трансформаторду орнотуу боюнча иштерди улантууда.
 
Бүгүнкү күндө иштердин 90% аткарылды.
 
110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшүндө ток жана чыңалуу трансформаторлору, өчүргүчтөр, ажыраткычтар жана башка заманбап электр жабдуулары орнотулду.
ПС «Киргизская» «Киргизия-1», «Ынтымак», «Арча-Бешик» жаңы конуштарын (Баха көчөсүнүн чыгыш тарабы) электр энергиясы менен камсыз кылат.
 
 Бул иштер тургундарга кандай пайда берет?
 
Кубаттуулугу 40 МВА болгон жаңы трансформаторду орнотуу көмөк чордонунун электр кубаттуулугун жогорулатууга, кошумча резерв түзүүгө жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет.
Бул өзгөчө керектөөчүлөрдүн саны көбөйүп, электр тармактарына болгон жүктөм өсүп жаткан учурда маанилүү.
 
Тургундар үчүн бул электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу, жабдуулардын ашыкча жүктөлүү коркунучун азайтуу жана келечекте өсүп жаткан жүктөмдү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.
 
Жүргүзүлүп жаткан иштер борбор калааны эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга, анын ичинде ШКУнун иш-чараларына даярдоонун алкагында да маанилүү.
Энергетиктер борбор калаанын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо иштерин улантып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн иш алып барууда.