Колл - борбор: 1209; 105

Энергетика министрлиги энергетикалык объектилер боюнча экскурсия уюштурду

16 Апрель 2025 ж.

 
Энергетика министрлиги 16-апрелде энергетикалык объекттерге кезектеги акысыз экскурсияны уюштурду. Экинчи ирет уюштурулуп жаткан бул экскурсияга 100гө жакын адам катышты. Алардын арасында журналисттер, жарандык активисттер, блогер жана энергетика тармагында окуган студенттер болду.
 
Эске салсак, 2025-жылдын январь айында биринчи экскурсия уюштурулган. Анда жарандар Токтогул жана Камбар-Ата-1, Камба-Ата-2 ГЭСтеринде аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн көрө алган.
Экскурсиянын жүрүшүндө министр Таалайбек Ибраев жана тийиштүү жетекчилер Энергетика министрлиги коомчулук үчүн ар дайым ачык экенин билдирип, журналисттерди жана катышуучуларды кызыктырган суроолоруна жооп берди.
 
Алгач экскурсиянын катышуучулары Чүйдөгү “Кемин” көмөк чордонуна барып, аны өз көзү менен көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Андан соң алар Орто-Токой суу сактагычында салынып жаткан Орто-Токой ГЭСине барышты. Ал жактан суу өтө турган тоннелдин, жумушчулар шаарчасынын, жолдун курулушу жана башка иштер көрсөтүлдү. Бул ГЭСти курууга болжол менен 34,8 млн доллар сарпталат. Аталган долбоорду Кыргызстандын «Чакан ГЭС» ишканасы менен Кытайдын China National Machinery Corporation компаниясы жүзөгө ашырууда. Курулуш иштерине 130 адам тартылган.Гидроэлектрстанциянын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВт болот. Анда жылына 75 млн кВт/саат электр энергия өндүрүлүп турат. Ал 14 миңден ашуун абонентти электр энергия менен камсыздоого жетет. Орто-Токой ГЭСин 2026-жылдын биринчи жарымында ишке берүү пландалууда.
 
Сапарды улай экскурсиянын катышуучулары Ат-Башы ГЭСине барды. 1970-жылдары салынган бул ГЭС Нарын облусунун 25%ын электр энергия менен камсыз кылат. Бир нече жыл мурда ГЭС баскыч-баскыч менен жаңылана баштап, 4 агрегаты алмаштырылган. Ошондой эле башкаруу, коопсуздук жана муздатуу системалары жаңыланган. 2024-жылы Ат-Башы ГЭСинде 204 млн кВт/саат электр энергия өндүрүлгөн.
 
Соңунда экскурсияга келгендер Куланак ГЭСинин курулушу менен таанышууга барды. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВТ болот. Жылына 435 млн кВт/саат электр энергия чыгарат.
Бул долбоордун баасы дээрдик 128 млн долларды түзөт. Анын 88 млн долларын Евразиялык өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду бөлүүдө. Куланак ГЭСи 2026-жылдын аягында ишке киргизилет.
 
Экскурсиянын катышуучулар керектүү маалымат ала алганын айтып, Энергетика министрлигине ыраазычылыгын билдирди.