Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүп жатат

11 Июль 2023 ж.

Бүгүн, 11-июлда Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевге электр тармактар жабдууларын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоосу менен тааныштырды.

Бүгүн, 11-июлда Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевге электр тармактар жабдууларын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоосу менен тааныштырды.Иш сапардын жүрүшүндө мэрдин орун басары Ж.Шамыралиев 110/10 кВ «Арча-Бешик» көмөкчордонунда болуп, кубаттуулугу 10 МВА болгон Т-1 кубаттуулуктагы трансформаторду 16 МВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштыруу иштери менен таанышты.

Айта кетсек, жасалып жаткан иштер «Арча-Бешик», «Ак- Өргө» жаӊы конуштарында жана Орок, Жал, Чоӊ-Арык айылдарында жашаган керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Андан ары мэрдин орун басары Жыргалбек Жумадилович “Арча-Бешик” конушундагы 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысын СИП маркадагы зымдары менен реконструкциялоо иштери менен таанышты. Пландын негизинде узундугу 2 чакырымдан ашык СИП маркадагы зымдары жана 40 темир-бетон таянычтарын орнотулат.

Андан соң 110/35/6 кВ «Ново-Западная» көмөкчордонунан тараган 6 кВ чыңалуудагы кабелдик чубалгысын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Мурунку эски кабель 1974-жылы пайдаланууга берилген, кесилиши 150 мм² тузсө жаңы кабелдик чубалгы эки эсе чоң - 240 мм² . Капиталдык курулуштун планынын негизинде 2200 метрден ашык жаӊы кабелдик чубалгы тартылат.Жумуш сапарынын соңунда, мэрдин орун басары Ж.Шамыралиев алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.