Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармакатр ишканасында бригадалардын арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш башталды

20 Июнь 2024 ж.

 

Бишкек электр тармакатр ишканасында бригадалардын арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш башталды 

Бүгүн, 20-июнда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында бөлүштүрүүчү тармактарын оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам-оңдоо кызматкерлердин бригадаларынын арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш башталды.  

Мелдешке Бишкек ЭТИнин Чыгыш, Батыш жана Түндүк РЭТтеринин бригадалары катышууда. 

Мелдештерди өткөрүүнүн негизги максаты электр тармактарын техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзгөн электр куроочулардын кесиптик даярдыгынын жана квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу, бригадалар арасында тажрыйба алмашуу болуп саналат.  

Мелдеште командалар 7 этаптан өтүшөт (1 тест жана 6 практикалык тапшырмалар). 

Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!