Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасынын жааматы Энергетика тармагында 42 жыл эмгектенген Маматов Нурланбек Жороевичти ардактуу эс алууга узатышты.

None

Бишкек электр тармактар ишканасынын жааматы Энергетика тармагында 42 жыл эмгектенген Маматов Нурланбек Жороевичти ардактуу эс алууга узатышты.

Бишкек ЭТИнин башкы инженери Улукбек Рысбеков чың ден-соолук каалап, мындан ары да энергетика тармагын өнүгүүсүнө ардагер катары чоң салымын кошооруна ишенээрин билдирип, «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын Ардак грамотасын тапшырды.Маматов Нурланбек Жороевичтин баскан жолу тууралуу айта турган болсок,1981 –ж. Казак Айыл чарба институтунун айыл чарбасын электрлештирүү факультетин бүтүп, Кыргыз Илим изилдөө институтунун электр тармагын бөлүшүтүрүү жана автоматташтыруу лабораториясында инженер болуп эмгек жолун баштаган. 1998-2011-жылдары Бишкек электр тармактар ишканасында директордун орун басары, директор болуп, Энергетика министрлигинде министрдин орун басары кызматын ээлеген. 2011-2014-жж. «Кыргызстан Улуттук электр тармактар» ААКнын техникалык директору болуп иштеген.2014-2022-жж. Чуй жогорку чыналуу электр тармактар ишканасында директор, башкы инженер, капиталдык курулуш бөлүмүндө инженер кызматтарында эмгектенген.2023-жылдан Бишкек электр тармактар ишканасында капиталдык курулуш бөлүмүндө инженер кызматында иштеп келген.Кыргыз Республикасынын Ардак граматасын менен сыйланган.