2023-жылга капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык, Бишкек электр тармактар ишканасы автотрансформаторлорду жана күч тарнсформаторлорун каскаддык ыкма менен алмаштырды.
Алсак, жогорку вольттогу "Ала-Арча" жана "Башкы" 220-110-10 кВ чыңалуудагы көмөк чордондорундагы автотрансформаторлор алмаштырылды. Алмаштырылгандан кийин трансформаторлордун жалпы кубаттуулугу 200 МВАГА көбөйтүлдү.
Андан ары 4 жогорку вольттогу 110/35/10-6 кВ чыңалуудагы көмөкчордондордо күч трансформаторлору кыйла күчтүүлөргө алмаштырылды. Трансформатордук кубаттуулуктун жалпы өсүшү 51 МВАНЫ түздү.
Ошондой эле "Ак-Ордо" көмөкчордонуна Кошумча 1 кубаттуулугу 16 МВА кубаттуу трансформатор орнотулду.
Ошентип, Бишкектин жогорку вольттогу көмөк чордондорундагы кубаттуулуктун жалпы өсүшү 267 МВАНЫ түздү.Белгилей кетсек, жогорку вольттогу көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатуу керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.