Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасынын жамааты энергетикада 43 жылдан ашык иштеген Манапбаев Уланбек Курманбаевичти ардактуу эс алууга узатты

9 Январь 2025 ж.

 

Бүгүн, 9-январда Бишкек электр тармактар ишканасынын жамааты Батыш РЭТтин башчысынын орун басары Манапбаев Уланбек Курманбаевичти ардактуу эс алууга узатты.

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов Бишкек электр тармактар ишканасынын Ардак грамотасын тапшырып, энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

 Манапбаев Уланбек Курманбаевич 1981-жылы Айыл чарбасын механизациялоо жана электрофикациялоо боюнча Токмок шаарындагы техникумун, 2015-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1981-жылы Кемин Сельхозэнергонун электр эпкири болуп баштаган.

1981-1983-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген.

1984-1994-жылдары Кемин электр тармактар ишканасынын Быстровка РЭТинде электр эпкир, мастер, диспетчер болуп иштеген.

1994-1996-жылдары Боролдой айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

1996-2010-жылдары Кемин РЭТ, "Түндүкэлектр" ААКтын Батыш РЭТинде диспетчер болуп иштеген.

2010-2012-жылдары "Түндүкэлектро" ААКтын техникалык директорунун орун басары кызматын ээлеген

2012-2017-жылдары "Түндүкэлектр" ААКтын Москва РЭТинин башчысы болгон.

2017-2022-жылдары "Түндүкэлектр" ААКтын эксплуатациялоо, тармактарды оңдоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

2022-2024-жылдары Бишкек ЭТИнин 0,4-10 кВ тармактары боюнча башкы инженеринин орун басары кызматын ээлеген.

2024-жылдан тартып Бишкек ЭТИнин Батыш РЭТинин башчысынын орун басары болуп иштеген.

Ак ниет эмгеги жана мыкты ийгиликтери үчүн КМШ электр энергетика Кеңешинин, "Улуттук энергохолдинг" ААКнын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Түндүкэлектр" ААКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Өкмөтүнүн энчилүү сааты, КР Энергетика министрлигинин "Каарман" төш белгиси менен сыйланган, «КМШнын эмгек сиңирген Энергетиги» деген ардактуу наам алган