Колл - борбор: 1209; 105

Көлмө жаӊы конушунда кабелдик чубалгысын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө

11 Июнь 2024 ж.

 

2024-жылга капиталдык курулуш планын ишке ашыруунун алкагында "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы 10 кВ кабелдик чубалгыларын реконструкциялоодо.

 

Алсак, Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк РЭТи 10 кВ чыӊалуудагы кабелдик чубалгыны алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө, анын узундугу 450 м түзөт.

 

Жаңы ААБл 3*240 мм2 маркасындагы кабель өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен, керектөөчүлөрдүн электр менен камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жакшыртат.

 

Жалпысынан 2024-жылга Түндүк РЭТи боюнча 3,8 чакырымдан ашык кабелдик чубалгыларын реконструкциялоо иштери пландаштырылууда.