Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы 2 чакырымдан ашык кабель чубалгысын реконструкциялады

13 Июль 2023 ж.

2023-жылга капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык 110/35/6 кВ «Ново-Западная» көмөкчордонунан чыккан 6 кВ чыӊалуудагы кабелдик чубалгы реконструкцияланды. Эски кабелди жаӊы кабелге алмаштыруу иштери Бишкек шаарынын Профсоюзная– Месароша көчөлөрдүн кесилишинде жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, эски кабель 1974-жылы пайдаланууга берилген. 240 мм² кесилишиндеги жаңы кабелдик линия эскисинин кесилишинен эки эсе чоң - 150 мм² жана кабелдик өткөрүмдүүлүгү жогорулатылды. Реконструкцияланган кабель чубалгынын узундугу 2200 метрди түздү.

Белгилей кетсек, жаңы кабель төмөнкү артыкчылыктарга ээ: жогорку кабелдик өткөрүмдүүлүгү, аз салмактуу, кичине диаметри, төмөн бузулууга жөндөмдүү жана полиэтилендик изоляциянын тыгыздыгы төмөн.

Аткарылган иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.