Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекте Ж. Огонбаев көчөсүндө кабелдик чубалгысын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө

None

 

 2024-жылга капиталдык курулуш планын ишке ашыруунун алкагында "КУЭТ" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы 35/10/6 кВ кабелдик чубалгыларын реконструкциялоодо.

 

 Алсак, Бишкек электр тармактар ишканасынын кабелдик чубалгыларынын кызматы тарабынан 6 кВ кабелдик чубалгыны алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө, анын узундугу 389 м.

 

 Жаңы АПвБП 3*185 маркасындагы кабель өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен, керектөөчүлөрдүн электр менен камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жакшыртат.

 

 Белгилей кетсек, полиэтилен изоляциясы бар жаңы кабель нымдуулукка жана агрессивдүү топурак элементтерине туруктуу.

 

 Жалпысынан 2024-жылга Бишкек шаары боюнча 15 чакырымдан ашык 35/10/6-0,4 кВ кабелдик чубалгыларын реконструкциялоо пландаштырылууда.