Колл - борбор: 1209; 105

Электр тармактар ишканаларынын авто паркы жаңыланууда

11 Август 2023 ж.

Электр тармактар ишканаларынын авто паркы жаңыланууда

Министр Таалайбек Ибраев:Быйылкы жылдын эсебинен электр тармактар ишканаларына 4-жолу атайын техника тапшырып жатабызБүгүн, 11-августта Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын ыкчам бригадалары үчүн атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев 5 даана атайын автоунаалардын ачкычын ыкчам бригадалардын айдоочуларына тапшырып жатып, заманбап техника менен оңдоо, тейлөө иштери бир топ ыкчам аткарыларына ишенээрин билдирди."Алган техниканыздар кут болсун, кесиптештер! Бүгүн күз-кыш мезгилинин алдында жакшы саамалык болуп, техникаларыбызды жанылап жатабыз. Жаңы техникалар элди үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого жардам берет деп ишенем! Берилген автоунааларды этияттык менен колдонолу. Ал эми биз өз учурунда атайын техника паркын чекесинен жанылап берүүгө аракет кылабыз",- деди министр.

Баса белгилей кетчү нерсе, акыркы жылдары Энергетика министрлиги электр тармактар ишканалардын атайын техникалар паркына өзгөчө көңүл бөлүүдө. Себеби, авариялык өчүрүүлөрдү, жабдуулардын иштешиндеги бузулууларды ондоо, калкты ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо керектүү техникасыз аткаруу мүмкүн эмес.

Иш-чарага КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, "КУЭТ" ААКнын капиталдык курулуш боюнча орун басары Ильгиз Садыгалиев, Бишкек ЭТИнин директору Азамат Паизовдор катышты.