Бишкек электр тармактар ишканасында "Жашыл Мурас" программасынын алкагында кезектеги ишембилик өтүүдө

20 Апрель 2024 ж.

Бишкек электр тармактар ишканасында "Жашыл Мурас" программасынын алкагында кезектеги ишембилик өтүүдө.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасы жана бардык түзүмдүк бөлүмдөрү, райондук электр тармактары кезектеги ишембиликке катышышты.

Ишембиликтин алкагында бак-дарактар, тосмолор акталып, сырдалып, гүлдөр отургузулуп, таштандылар жыйналды.

Биз таза Кыргызстан үчүн!